Жаңылыктар

30.10.2024 10:02

   Кароолор: 485

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮНДҮК ЖАНА ТҮШТҮК АЙМАКТАРЫНДА ЖЕР ТИТИРЕДИ

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 29-октябрда саат 18:47де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылында 2 баллга жеткен. Кара-Киндик айылынан 7 чакырым түштүктө, Сопу-Коргон айылынан 42 чакырым түштүк батышта чейин сезилген.

Ошондой эле 30-октябрда түнкү саат 01:35те MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү, Кароол-Дөбө, Ананьево, Жаркынбаев айылдарында 3 балл Кичи-Өрүктү, Кожояр-Ата, Көк-Дөбө айылдарында 2,5 баллга жеткен. Ананьево айылынан 10 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 57 чакырым түндүк батышында чейин сезилген.

Алдын ала берилген маалыматтарга ылайы жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу