Жаңылыктар
09.06.2026 19:31
Кароолор: 934
КЫРГЫЗСТАНДЫН РЕЛИКТТҮҮ ЖАҢГАК-МӨМӨ ТОКОЙЛОРУ - ДҮЙНӨЛҮК ЖАРАТЫЛЫШ МУРАСЫ
Бүгүн, 9-июнда Жалал-Абад облусунун Манас шаарында «Кыргыз Республикасынын жаңгак-мөмө токойлору» аттуу эл аралык илимий конференция өтүүдө.
Иш-чара «Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлору - дүйнөлүк жаратылыш мурасы жана биологиялык ар түрдүүлүк, климат жана туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык кенч» деген аталышта уюштурулган.
Конференцияга Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, Токой кызматынын директору Нургазы Чодоев, ошондой эле Европа жана Азиянын 20дан ашык өлкөсүнөн келген 30дан ашуун эл аралык эксперттер, окумуштуулар, экологдор, мамлекеттик органдардын, бизнес секторунун, эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө министр Канатбек Чыныбаев Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлорун сактоо жана туруктуу өнүктүрүүдө эл аралык диалог жүргүзүү үчүн бул конференция маанилүү аянтчага айланганын белгилеп, “күч-аракеттерибизди, билимдерибизди жана ресурстарыбызды бириктирүү менен жаратылыштын гармониялуу жанаша жашоосун камсыздай алабыз, аймактын экологиялык коопсуздугун чыңдайбыз жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча глобалдык аракеттерге татыктуу салым кошо алабыз”, - деди министр.
Конференциянын негизги максаты - мамлекеттик органдардын, илимий коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, бизнес секторунун жана жергиликтүү жамааттардын күч-аракетин бириктирип, Кыргызстандын реликттүү жаңгак-мөмө токойлорун сактоо жана келечек муундар үчүн туруктуу чечимдерди иштеп чыгуу.
Конференциянын биринчи күнүндө «Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлору: бүгүнкү күн жана келечек - эл аралык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана перспективалары» аттуу панелдик талкуу өтүүдө.
Мындан тышкары төмөнкү багыттар боюнча параллелдүү сессиялар уюштурулууда:
* жаңгак-мөмө токойлорунун абалы жана аларды зыянкечтерден, оорулардан коргоо;
* жаңгак-мөмө токойлорунун экономикасы жана кошумча нарк чынжырлары;
* жер жана токой ресурстарын туруктуу башкаруудагы санариптик инструменттер;
* жаңгак-мөмө токойлору жана климаттык чечимдер.
Конференциянын экинчи күнү 10-июнда, катышуучулар үчүн Арстанбап-Ата токой чарбасына талаа иш-сапары уюштурулат. Анын жүрүшүндө дүйнөгө белгилүү жаңгак-мөмө токойлорунун уникалдуу жаратылышы, учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жеринде көрсөтүлөт.
Конференция Токой кызматы, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) жана Ага Хан фондунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Ошондой эле конференциянын алкагында 11-июнда Европа жана Борбордук Азия боюнча токойлордун инвазивдик түрлөрү боюнча тармактын жылдык жыйыны (REUFIS) өтөт. Бул жыйын токойлордун ден соолугун чыңдоо жана аймактагы токой экосистемаларын сактоо багытында эл аралык тажрыйба менен эксперттик билимдерди бириктирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Жаңгак-мөмө токойлорун бүгүн сактоо - келечек муундар үчүн табигый мурасты, биологиялык ар түрдүүлүктү жана экологиялык коопсуздукту сактоо дегенди билдирет.