Жаңылыктар

02.06.2026 19:20

   Кароолор: 208

КЫРГЫЗСТАНДЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРГА ДАЯРДЫК СИСТЕМАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

2026-жылдын 2-июнунда «Кыргызстанда кризистик кырдаалдарга даярдык системасын талдоо» (CPGA) боюнча жыйынтыктардын бетачары жана аны талкуулоо иш-чарасы болуп өттү.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Дүйнөлүк банктын кызматташуусунда уюштурулуп, ага Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев баштаган жетекчилер, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Хью Ридделл жана эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Канатбек Чыныбаев аталган иштер Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин айтып, табигый каатчылыктарга даярдыкты талдоо бир гана министрликтин милдети эмес, жалпы мамлекеттик маселе катары кароо керектигин белгиледи. “Азыркы заманда каатчылыктар барган сайын татаалдашууда. Табигый кырсыктар социалдык, экономикалык, инфраструктуралык жана гуманитардык кесепеттерди жаратышы мүмкүн. Ошондуктан мындай кырдаалдарга даярдык бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана жарандык коомдун биргелешкен аракети аркылуу калыптанууга тийиш”, - деди министр.

Өз кезегинде Хью Ридделл, бул талдоо каатчылык кырдаалдарын башкаруу системасынын учурдагы абалын комплекстүү баалоого, бар мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого, ошондой эле мындан ары көңүл бурууну жана чыңдоону талап кылган багыттарды белгилөөгө мүмкүндүк берерин айтып өттү.

Жыйынтыгында катышуучулар кризистик кырдаалдарга каршы турууну күчөтүү үчүн мекемелер аралык координацияны күчөтүү, тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана эрте эскертүү системаларын жаңылоо, ошондой эле маанилүү инфраструктуранын туруктуулугун жогорулатуунун зарылдыгын кошумчалашты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу