Жаңылыктар
04.06.2025 16:27
Кароолор: 223
КЫРГЫЗСТАНДЫН КЛИМАТТЫК ТОБОКЕЛДИКТЕРДИ КЫСКАРТУУ БОЮНЧА ЖАҢЫ ЫКМАЛАРЫ
Кыргызстандын делегациясы Туркменистандын борбору Ашхабадда болуп өткөн «Борбор Азияда туруктуу ландшафтарды калыптандыруу» (RESILAND CA+) программасынын Региондук консультативдик комитетинин жыйынына жана климаттык маселелер боюнча уюштурулган аймактык конференцияга катышты. Иш-чаралар Борбор Азиянын Региондук экологиялык борбору (РЭЦЦА) тарабынан өткөрүлдү.
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин делегация курамына төмөнкүлөр кирди:
- А. Мазарипов — министрдин орун басары, РКК мүчөсү;
- Ж.Токторбаева — Долбоолорду өнүктүрүү бөлүмүнүн директору, РКК мүчөсү;
- Д. Сакыев — Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана мониторинг департаментинин директору, РКК мүчөсү;
- Б. Анарбекова — инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы.
Панелдик сессияда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Долбоолорду өнүктүрүү бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева Кыргызстандын климаттык тобокелдиктерди кыскартуу боюнча жаңы ыкмаларын жана KG RESILAND долбоорунун алкагындагы иш-чараларды сунуштады. Анын ичинде жаратылышка негизделген чечимдерди (Nature-based Solutions) сел жүрүү коркунучу жогору болгон аймактарда колдонууну өзгөчө баса белгиленди.
Региондук консультативдик комитеттин жыйынында RESILAND CA+ программасынын аймактык компоненттеринин аткарылышы жана негизги документтерди макулдашуу маселелери талкууланды. Кыргызстандын өкүлдөрү долбоордун алкагында жетишилген жыйынтыктарды жана келечектеги багыттарды ортого салышты.
КР ӨКМ делегациясынын катышуусу Кыргызстандын климаттык туруктуулукка багытталган ыкмаларды ишке ашырууга жана аймактык диалогко активдүү катышууга болгон умтулуусун тастыктады.