Жаңылыктар
06.11.2024 13:09
Кароолор: 250
КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫЛ ЧАРБАСЫНДА ЗЫЯНДЫ ЖАНА ЖОГОТУУЛАРДЫ БААЛОО МЕТОДИКАСЫ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ
Кыргыз Республикасы – тоолуу агрардык өлкө. Аны экономикасынын негизги сектору болгон айыл чарбасы олуттуу экономикалык жана социалдык мааниге ээ. Айыл чарбасы калкты азык-түлүк менен камсыздоого өзүнө дыйканчылык, мал чарбачылык, токойчулук, балык чарбасы, бал челекчилик жана башка айыл чарба өндүрүмдөрүн камтыйт.
Өлкөнүн айыл чарбасынын туруктуу өнүгүүсүнө климаттык өзгөрүүлөрдөн пайда болгон өзгөчө кырдаалдар терс таасирин тийгизбей койбойт. Өзгөчө жер титирөө, сел, суу ташкыны, жер көчкү, кар көчкү, суу каптоо, катуу шамал, чөлгө айлануу, чаңдуу бороон, тынымсыз жана нөшөрлөгөн жамгыр, мөндүр, кар жана бурганак, кургакчылык, үшүк, экстремалдуу температура, эпидемия, адамдардын жана жаныбарлардын массалык жугуштуу оорулары, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттерден, отоо чөптөрдөн жана зыянкечтерден зыянга учурашы, жер кыртышынын бузулушу жана климаттык өзгөрүү айыл чарбасын кыйратуучу күчкө ээ.
Ал айыл, токой жана балык чарбасында жумуштуулуктун, өндүрүүчүлөрдүн эмгек акысынын төмөндөшүнө, ошондой эле айдоо жерлерин жоготуудан, өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшүнө түрткү берет. Мындай көрүнүш Кыргызстанда ички жана сырткы миграциянын өсүшүнө жол ачып, кыргыз фермерлерин жумуш издеп башка өлкөгө кетүүгө, мигрант болууга аргасыз кылат.
Андыктан Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар жана ишканалар үчүн өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун бирдиктүү ченеми белгиленген.
Айыл чарбасында кырсыктардын таасирин, келтирилген зыянды баалоону Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун колдоосу менен КР Өзгөчө кырдаалдар жана Айыл чарба министрликтери биргеликте өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды жана жоготууларды баалоо боюнча методикалык колдонмосун иштеп чыгышты. Аталган методикалык колдонмо менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий сайтынан төмөндөгү шилтеме аркылуу кыргыз, орус, англис тилдеринде кененирээк тааныша аласыздар.
https://www.mchs.gov.kg/.../104_metodicheskoe-rukovodstvo...