Жаңылыктар

21.04.2024 13:28

   Кароолор: 181

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРӨӨНҮН КҮЧҮ 2,5 БАЛЛГА ЖЕТКЕН

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык: саат 13:20да Кытай Эл Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусуна караштуу Алай районунун Нура айылында 2,5 баллга чейин (Нура айылынан 35 чакырым түндүк чыгышта, Ош шаарынан 155 чакырым түштүк чыгышта) сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу