Жаңылыктар
23.03.2024 10:49
Кароолор: 611
КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык саат 10:01де, Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай, Бузук айылдарында 3 балл, Кызыл-Токой жана Ала-Бука районунун Өрүктү-Сай айылдарында 2,5 баллга (Терек-Сай айылынан 5 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР