Жаңылыктар
04.03.2024 14:19
Кароолор: 1163
КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-март күнү саат 12:22де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 42° 55´ с.ш. λ = 76° 52´в.д.) күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында, Бостери, Ананьево айылдарында 4,5 балл, Балыкчы шаарында 4 балл, Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында, Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 3,5 баллга (Чолпон-Ата шаарынан 35 чакырым түндүк батышка, Казахстан Республикасынын Алма-Ата шаарынан 40 чакырым түштүккө, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан 150 чакырым түндүк батышка, Бишкек шаарынан 190 чакырым түндүккө) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Учурда жер-жерлерде тактоо иштери жүрүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР