Жаңылыктар

02.05.2024 09:33

   Кароолор: 361

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРӨӨ 2,5 БАЛЛГА ЧЕЙИН СЕЗИЛДИ

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 01:17де Кытай Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында ( Бедел айылынан түштүк батышты карай 62 чакырым, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан 98 чакырым түштүктү карай, Каракол шаарынан түштүк батышты карай 174 чакырымда) 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу