Жаңылыктар
28.03.2025 04:50
Кароолор: 197
КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА КАТТАЛГАН ЖЕР ТИТИРӨӨ БОЮНЧА МААЛЫМАТ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА КАТТАЛГАН ЖЕР ТИТИРӨӨ БОЮНЧА МААЛЫМАТ
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 28-март күнү саат 04:42де Казакстан Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган
Жер титирөө Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 6 балл, Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга (Көпүрө-Базар айылынан 18 чакырым түндүктө, 135 чакырым түштүк батышка чейин) сезилген.
ӨКМ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР