Жаңылыктар
19.03.2024 21:11
Кароолор: 870
КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА КАТТАЛГАН ЖЕР ТИТИРӨӨ БОЮНЧА МААЛЫМАТ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 19-март күнү саат 21:05те Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган
Жер титирөө Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Суу, Таш-Дөбө айылдарында 3 балл,
Бишкек шаарында, Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу айылында, Аламүдүн районунун Арчалы, Арашан, Кой-Таш, Байтик, Таш-Булак, Алмалуу айылдарында 2,5 баллга (Кашка-Суу айылынан 8 чакырым түштүк батышта, Бишкек шаарынан 33 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.
ӨКМ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР