Жаңылыктар
20.08.2025 10:06
Кароолор: 319
КЫРГЫЗСТАНДЫК ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУЛАР САУД АРАБИЯДА ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТКА КАТЫШАТ
Кечээ, 19-августта Бишкек шаарындагы “Динамо” стадионунда Сауд Аравиясында өтүүчү XX эркектер арасында өрт өчүрүүчү-куткаруучулар спорту боюнча дүйнөлүк чемпионатына катышууга ӨКМдин курама командасын түзүү максатында мелдеш өткөрүлдү.
Ага ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын спортчулары катышып, күч сынашты.
Бул мелдеш команданы жогорку деңгээлде даярдоо, профессионалдык кесибин жогорулатуу жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын спорттук мелдештер боюнча ыкма алмашуу максатын көздөйт. Анын жыйынтыгы менен даярдыгы мыкты делген спортчу куткаруучулар тандалып алынып, өлкө намысын коргоп келмекчи.
Андыктан командага ийгилик, ак жол жана жеңиш каалайбыз!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР