Жаңылыктар

14.09.2023 01:37

   Кароолор: 1010

Кыргызстандык куткаруучулар «Казкуткаруу» эл аралык мелдешине катышууда

🇰🇬🇰🇿КЫРГЫЗСТАНДЫК КУТКАРУУЧУЛАР «КАЗКУТКАРУУ» ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШИНЕ КАТЫШУУДА

 

13-сентябрь күнү Казакстанда куткаруучулар арасындагы “Казкуткару-2023” эл аралык мелдеши старт алды.

Аталган масштабдуу мелдешке Түрк мамлекеттер уюмуна мүчөлүк кылган Кыргызстан, Азербайжан, Венгрия, Казакстан жана Өзбекстандын куткаруучулары катышууда.

Машыгуунун ачылыш аземинде 5 өлкөнүн өкүлдөрүнө авариялык-куткаруу кызматтарынын кыйраган имараттарда жана курулуштарда, тоолуу аймактарда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү, аба жана темир жол транспортундагы, химиялык кооптуу объектидеги кырсыктарды жоюу, өрттү өчүрүү жана сууда жабыркагандарды куткаруу боюнча практикалык иш-аракет көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, бул иш-чара издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү көндүмдөрүн жогорулатуу, ошондой эле мелдештин катышуучуларынын тажрыйба алмашуу жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлүүүдө.

Куткаруучулардын эл аралык мелдеши 20-сентябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын атынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучу тобу катышууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу