Жаңылыктар
16.12.2023 19:39
Кароолор: 74962
КЫРГЫЗСТАНДЫК КУТКАРУУЧУЛАР КАЗАКСТАНДАН МЕКЕНИНЕ КАЙТЫШТЫ
Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда жарыяланган өзгөчө кырдаалда боордош элге жардамга кеткен кыргыз куткаруучулары 16-декабрь күнү, кечке маал мекенине кайтышты. Кордай районунун акими жана казакстандык куткаруучулар кыйын күндө кол сунуп, жардам берген кыргыз куткаруучуларына терең ыраазычылык билдирүү менен грамоталарды жана баалуу сыйлык тапшырып, жылуу узатышты.
Белгилей кетсек, Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда 14-декабрда жааган кардан улам кар күрткүсү пайда болуп, Алма-Ата—Ташкент унаа жолунда 150дөй унаа жүргүнчүлөрү менен калып калган. Кыргызстындын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 39 куткаруучусун, 5 оор техника, 1 пикап унаасы жана 2 кар унаасы (снегоход) жиберген.
15-декабрга караган түнү саат 3тө кыргыз куткаруучулары Казакстанга жөнөп кетишип, кечиктирилгис куткаруу ишин башташкан. Натыйжада бороон-чапкындуу жолдо калган 16 Кыргызстандын жараны мекенине унаа менен алып келинген. Алар үчүн Ак-Жол өткөрмө бекетиндеги кафеде жылынуучу жай уюштурулуп, тамак-аш берилген. Ал эми Кордай районунун аймагында калган кыргыз куткаруучулары андан ары түнү менен жолдон чыгып кеткен оор жүк ташуучу жана жеңил унааларды сүйрөп чыгарып беришкен.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР