Жаңылыктар

03.04.2026 10:57

   Кароолор: 190

КЫРГЫЗСТАНДАН ИРАНГА ЖОЛДОНГОН ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ ЖӨНӨП КЕТТИ

Кыргыз Республикасынын атынан Иран Ислам Республикасына жалпы салмагы 129 тоннаны түзгөн гуманитардык жардам кечээ, 3-апрелде жөнөп кетти.

Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасы боюнча КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КРнын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте уюштурулган бул жардам ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаалар колоннасына жүктөлүп, Кыргызстандын аймагынан чыгып кетти.

129 тонналык жардамдын 66 тоннасы азык-түлүк (ун, эт консервалары, өсүмдүк майы), 63 тоннасын дары-дармек каражаттары түзөт.

Бул кадам жабыр тарткан жарандык калкка жардам көрсөтүүгө багытталган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу