Жаңылыктар

30.09.2024 18:22

   Кароолор: 506

КЫРГЫЗСТАНДАН АФГАНИСТАНГА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ ЖЕТКИРИЛДИ

Кыргыз Республикасынан Афганистанга 25-сентябрда жөнөтүлгөн 120 тонна азык-түлүктөн турган гуманитардык жардам 28-сентябрда жергиликтүү бийликтин кампасына жеткирилди.

Бул жардам Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Б. Ажикеевдин жетекчилигинде уюштурулду.

Эскерте кетсек, Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 2024-жылдын февраль айында бир нече өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин башын бириктирген регионалдык жыйында, БУУнун 75-сессиясында да Афганистанга жардам берүүгө чакырык таштаган.

Кыргызстандан буга чейин да аталган өлкөгө азык-түлүк, кийим-кечелер, балдар үчүн оюнчуктар жана дары-дармектер жеткирилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу