Жаңылыктар

07.09.2024 14:14

   Кароолор: 1201

КЫРГЫЗСТАНДА ЖККУнун "ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮ — 2024" КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУСУ ӨТҮҮДӨ

7-сентябрда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун аймагында Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун (ЖККУ) Ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн (ЫЖКЖК) командалык-штабдык “Өз ара аракеттенүү - 2024”, чалгындоо күчтөрү жана каражаттары менен “Издөө-2024”, ошондой эле, материалдык-техникалык камсыздоо күчтөрү менен “Эшелон-2024” атайын машыгууларынын ачылыш аземи болуп өттү.

Машыгуунун ачылышынын алдында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин эстелигине гүлчамбар коюулду.

Ага Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов, ЖККУнун Генералдык катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков, ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Андрей Сердюков, Балыкчы шаарынын мэри жана улуттук аскердик контингенттердин башчылары катышты.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун командалык пунктунда машыгуунун расмий ачылыш аземи өттү.

ЖККУнун "Өз ара аракеттенүү - 2024" биргелешкен командалык штабдык машыгуусун, "Издөө - 2024" жана "Эшелон - 2024" атайын машыгууларын Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекбололотов ачып, машыгуунун катышуучуларына куттуктоо сөздөрү менен ЖККУнун Башкы Катчысынын орун басары Таалатбек Маасадыков, ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Андрей Сердюков жана балыкчы шаарынын мэри Анарбек уулу Азамат кайрылышты.

Андан соң машыгуунун жетекчиси – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары полковник Артур Темиров машыгуунун мамлекеттик желектерин көтөрүүнү жарыялады.

КР КМ өзүнчө аскердик-көрсөтмөлүү оркестринин коштоосунда ЖККУга мүчө-мамлекеттеринин мамлекеттик гимндерин аткаруу менен мамлекеттик туулар көтөрүлдү.

Ачылыш аземи ЖККУнун ЫЖКЖК “Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" машыгууларынын улуттук аскердик контингенттеринин салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Белгилей кетсек, аталган машыгууга ӨКМдин куткаруучулары да катышып, мобилдүү госпитал жана атайы техникалары тартылды.

Маалымкат:

Машыгуу Жамааттык коопсуздуктун “Борбор Азия аймагындагы куралдуу чыр-чатактарды чечүү боюнча ЖККУнун ЫЖКЖК биргелешкен операциясын даярдоо жана өткөрүү” темасында пландалып, үч этапта өткөрүлөт.

“Өз ара аракеттенүү-2024”, “Издөө-2024”, “Эшелон-2024” эл аралык машыгууларына Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын улуттук аскердик контингенттери, ошондой эле ЖККУнун Катчылыгынын жана Бириккен штабынын өкүлдөрү катышат.

Машыгууларга ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук контингенттеринин 1500дөн ашык аскер кызматчылары, ошондой эле 200дөн ашык аскердик техника, анын ичинде 10го жакын авиациялык техника жана 10го жакын деңиз кемелери катышат.

Окуу-машыгуу борборунун аймагында машыгуунун катышуучуларынын иштөөсү, жашоосу, тамактануусу жана күнүмдүк ишмердигин уюштуруу үчүн аскер шаарчасынын инфраструктурасынын бардык элементтери, ошондой эле машыгуу учурунда аскерлердин практикалык аракеттери үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу