Жаңылыктар

01.05.2024 08:38

   Кароолор: 171

КЫРГЫЗСТАНДА ЖЕР ТИТРӨӨНҮН КҮЧҮ 2,5 БАЛЛ СЕЗИЛДИ

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн таңкы саат 7:37де Тажикстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Шибе айылдарында 2,5 баллга (Карамык айылынан 18 чакырым түштүк батышта, Шибе айылынан 25 чакырым түштүк батышта, Баткен шаарынан 105 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу