Жаңылыктар
16.01.2025 18:47
Кароолор: 597
КЫРГЫЗСТАНДА З,9 БАЛЛ ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык бүгүн саат 18:30да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3,9 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Силкинүүнүн күчү Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Оттук, Кара-Шаар, Ак-Өлөң айылдарында 3,5 баллга, Балыкчы шаары жана Кара-Талаа, Орто-Токой, Шор-Булак айылдарында 3 баллга (Оттук айылынан 5 чакырым түндүктө, Кара-Шаар айылынан 5 чакырым батышта, Кара-Талаа айылынан 10 чакырым түндүк батышта, Балыкчы шаарынан 16 чакырым түштүк чыгышка) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР