Жаңылыктар
04.06.2026 22:36
Кароолор: 44
КЫРГЫЗСТАНДА УРАН КАЛДЫКТАРЫНА ЖАКЫН ЖАЙГАШКАН КАЛКТУУ КОНУШТАРДЫН КООПЕРАЦИЯСЫ ТҮЗҮЛДҮ
Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында өлкөнүн экологиялык жана экономикалык коопсуздугу үчүн маанилүү окуя болуп өттү.
«Миң-Куш айылынын туруктуу туризм аркылуу өнүгүүсү» («Унутта калган шаарларды жандандыруу») аттуу туристтик форумдун алкагында уран калдырктары жайгашкан объектилерге жакын жайгашкан калктуу конуштардын жетекчилеринин пленардык жыйыны өткөрүлдү.
Жолугушуунун негизги жыйынтыгы катары Кооперация түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул түзүм «урандык» аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча стратегиялык муниципалитеттер аралык аянтча жана негизги өнөктөш болуп кызмат кылат.
Кооперация муниципалитеттерге бирдиктүү позицияда иш алып барууга, жалпы кызыкчылыктарды илгерилетүүгө, кошумча ресурстарды тартууга жана туруктуу өнүгүү, экологиялык коопсуздук жана рекультивациядан кийинки мониторинг маселелери боюнча биргелешип иштөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Иш-чара Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) активдүү катышты.
Кооперация Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин колдоосу алдында иш алып барып, өлкөдөгү уран калдыктарына жакын жайгашкан негизги муниципалитеттерди жана калктуу конуштарды бириктирет.
Катышуучулар уран калдыктарына байланышкан калктуу конуштар техникалык рекультивацияга жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого гана эмес, ошондой эле узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык өнүгүүгө, жергиликтүү бизнести колдоого, туризмди өнүктүрүүгө, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга жана ачык диалог аркылуу калктын ишенимин бекемдөөгө муктаж экендигин белгилешти.
Иш-чарага Майлуу-Суу шаарынын, Миң-Куш, Кара-Таш, Кызыл-Жар, Терек-Сай, Молдо Нияз айыл өкмөттөрүнүн, Күн-Чыгыш жергиликтүү кеңешинин жана башка муниципалитеттердин жетекчилери катышты.
Ошондой эле тегерек столдун ишине Ош шаарындагы Орхус борборунун өкүлдөрү, улуттук жана эл аралык эксперттер катышышты.
Экологиялык маселелерден тышкары, катышуучулар жарандарды маалымдоого жана аймактарды өнүктүрүүнүн альтернативдүү экономикалык жолдорун издөөгө багытталган 2027–2029-жылдарга карата Иш-планга өзгөчө көңүл бурушту. Аталган планда туруктуу туризмди өнүктүрүү жана чакан шаарлардын инфраструктурасын жандандыруу боюнча долбоорлор каралган.