Жаңылыктар
08.08.2025 16:14
Кароолор: 270
КЫРГЫЗСТАНДА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРГА БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮ СТАНЦИЯЛАРЫ КУРУЛУУДА
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында министрдин орун басары Эделбек Кулматов Азия өнүктүрүү банкынын долбоордорду ишке ашыруу боюнча өкүлдөрү менен жолугуп, аталган банк менен КР ӨКМдин ортосунда түзүлгөн келишимдердин ишке ашырылышын талкуулашты.
Жолугушууда тараптар Азия өнүктүрүү банкынын “Климаттын өзгөрүүсү жана кырсыктардын тобокелдигине суу ресурстарынын туруктуулугун жогорулатуу” долбоору боюнча ишке ашып жаткан Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Нарын облустарындагы гидрометеорологиялык посттордун, мониторинг жүргүзүү станцияларынын жана өзгөчө кырдаалдарды эрте кабарлоо системаларынын курулуштарынын жүрүшү, ошондой эле аяктоо мөөнөттөрүн талкууга алышты.
Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүн кызыктырган суроолорго жооп берип жатып, Эделбек Кулматов Жалал-Абадда Кыргыз гидрометеорологиялык кызматынын 9 байкоо пунктунун курулушу аяктап, пайдаланууга берилүү алдында турганын маалымдады.
Анын айтымында, Ошто 5 байкоо пункту жана кызматтык үйлөрдүн курулушу соңуна чыгууда. Ал эми Чүй, Нарын облустарында 7 гидрологиялык посттун, кызматтык үйлөрдүн курулушу уланууда, учурда 80%ы аяктап калды. Мындан тышкары Кыргыз гидрометеорологиялык кызматы үчүн өзгөчө кырдаалдардын түрүнө байкоо жүргүзүү жана алдын алуу жабдууларынын алынып келиши, аларды орнотуу жаатындагы маселелер ортого салынды. Жакынкы аралыкта жабдууларды сынактан өткөрүү каралууда. Ал үчүн тийиштүү адистер эл аралык деңгээлде атайы окуудан өтүп келишкен.
Жыйындын соңунда тараптар Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдардын кайсы түрүнө болбосун, ага карата даярдыкты жана туруктуулукту бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, аймактардын жана калктын коопсуздугу үчүн биргелешкен долбоорлорду максаттуу ишке ашыруу боюнча кызматашууну улантуу ниеттерин кошумчалашты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР