Жаңылыктар
20.06.2025 13:05
Кароолор: 284
КЫРГЫЗСТАНДА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДА АЛДЫН АЛА КАЛККА ЭРТЕ КАБАРЛОО СИСТЕМАСЫ ЖАҢЫЛАНУУДА
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик кырдаалдардын алдын алуу жана калкка эрте кабар жеткирүү системасы жаңыланды.
Бүгүн, 20-июнда министр, генерал-майор Бообек Ажикеев башында турган өздүк курамдын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) туруктуу өкүлү Александра Соловьева, Европалык Биримдиктин Кыргызстандагы кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммердин катышуусунда ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда табигый кырсыктарга эрте чара көрүү үчүн калкка тез кабар жеткирүүчү системалык жабдууларды тапшыруу жана практика жүзүндө көрсөтүү иш-чарасы уюштурулду.
Бообек Ажикеев белгилегендей, дүйнөлүк климаттын өзгөрүү шартында өзгөчө кырдаалдарга туруктуулукту жогорулатуу үчүн ага күчтүү даярдык керек.
“Биз үчүн адам өмүрү маанилүү. Андыктан калкты жана алардын мүлкүн коргоо жөндөмүбүздү күчөтүп жатабыз. Борборго орнотулган заманбап жабдуулар маалыматты ыкчам алып, жамааттар менен тыгыз кызматташуубузду камсыз кылууга жардам берет», — деп белгилеген министр ушул эле долбоордун 2-фазасынын алкагында башка дагы заманбап жабдуулар алынып, элет жерлерине эрте кабарлоо мүмкүнкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, модернизациялоо аракеттери уланарын кошумчалады.
Александра Соловьева БУУӨП Кыргызстан менен туруктуу өнүгүү, климаттык адаптация жана коопсуз келечек куруу боюнча ишенимдүү өнөктөш болуп кала берерин белгилеп, глобалдык чакырыктарга туруктуу жооп берүү — бул жалпы аракет аркылуу гана мүмкүн болорун айтып өттү.
Бул жабдуулар “Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү» аймактык долбоорунун алкагында БУУӨПтүн колдоосу жана Европалык Биримдиктин каржылоосу менен алынып, анын жалпы суммасы 320 миң долларды түздү.
Ханс Фарнхаммер мырза БУУӨП жана Европалык Биримдик Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү жолунда жана кырсыктарга каршы туруктуулугун чыңдоодо ишенимдүү өнөктөш бойдон кала берерин билдирди.
Жыйындын соңунда эл аралык өнөктөш уюмдардын өкүлдөрүнө генерал-майор Бообек Ажикеев Кыргызстанда Жарандык коргонуу системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР ӨКМдин төш белгилерин жана ыраазычылык катын тапшырды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР