Жаңылыктар

03.02.2025 17:43

   Кароолор: 87

КЫРГЫЗСТАНДА ӨТКӨН ЖЫЛЫ 3148 ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ

Үстүбүздөгү жылдын 12 айында республика боюнча жалпысынан 3148 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгымдын көлөмү 883 млн 259 миң 866 сомду түздү. Тилсиз жоонун кесепетинен 47 адам каза болсо, алардын жетөөсү жаш балдар. Жабыркаган адамдардын саны 27ни түзсө, алардын бири жаш бала болгон.

Ал эми 2023-жылдын 12 айында өлкө боюнча 3498 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 1 млрд 410 млн 377 миң 891 сомго жеткен. Адам өлүмү боюнча 35 факты катталса (6 балдар), жабыркагандардын саны 31, бешөөсү жаш бала.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу