Жаңылыктар

18.09.2023 11:30

   Кароолор: 116

Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтабыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата бир айлыгы жарыяланган. Министрликтин планына ылайык республика боюнча жер-жерлердеги билим берүү мекемелеринде табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндөгү билимди, маалыматты жана тажрыйбаны жайылтуу, өзгөчө кырдаалдарда калктын иш-аракеттерин системалаштыруу максатында иш-чаралар өткөрүлөт.

Жарыяланган бир айлыкка карата 2023-жылдын 18-сентябрь кунү ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгы жана түзүмдүк Нарын шаары жана Нарын району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Борбордук Азия Универиситетинде өрт тактикалык машыгуусу болуп өттү, машыгууда техногендик, жаратылыш кырсыктары учурунда жалпы мугалимдерден, студенттерден, тейлөө кызматкерлеринен турган 253 адамдын өз ара “Ыкчам аракеттери”, “Алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандары менен колдонуу эрежелери” багытында практикалык түрдө баалоолор жана үйрөтүүлөр жүргүзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу

Центральный аппарат МЧС

Территориальные управления

Жабуу

Территориальные управления

Жабуу
Жабуу