Жаңылыктар
06.10.2025 03:09
Кароолор: 86
КЫРГЫЗСТАНДА КҮЧҮ 6 МАГНИТУДАСЫНА ЖЕТКЕН ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
2025-жылдын 6-октябр күнү КР Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына ылайык, саат 02:29да Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Башкы-Терек айылында 5,5 балл, Чакмак-Суу айылында 5 балл жана Талас облусунун Талас шаарында 4 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда КР Сейсмология институту кошумча тактоо иштерин жүргүзүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР