Жаңылыктар

28.11.2025 15:10

   Кароолор: 24

Кыргызстанда KG RESILAND долбоорунун алкагында өткөн ESAнын тренинги жыйынтыкталды

2025-жылдын 24–27-ноябрында Кыргыз Республикасында КР ӨКМи ишке ашырып жаткан KG RESILAND долбоорунун алкагында Европанын космостук агенттиги (ESA) жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен окутуучу тренинг өткөрүлдү.


Тренингдин максаты GMF жана GISAT ыкмаларын колдонуу аркылуу жердин сапатын аныктоо жана картографиялоо, ошондой эле деградация процесстерини сел агымдарынын кайталануусуна тийгизген таасирин изилдөө.


Окутуу программасына ылайык, 25–26-ноябрда Ош облусунун Араван жана Алай райондорундагы потенциалдуу кооптуу аймактарга талаа изилдөөлөрү уюштурулду. Анын алкагында спутниктен алынган маалыматтарды текшерүү (валидациялоо), жер кыртышынын жана рельефтин өзгөчөлүктөрү боюнча маалымат топтоо жана жерлердин абалын мындан аркы талдоого зарыл болгон параметрлерди тактоо.
Ал эми 27-ноябрда GMF жана GISAT ыкмаларын практикалык колдонуу иштери жүргүзүлдү. Катышуучулар талаадан чогулган маалыматтарды QGIS программасына киргизип, иштеп чыгышты жана жергиликтүү байкоолорду деградацияланган аймактардын карталары менен салыштырышты.


Тренингге ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө жана божомолдоо департаментинин, ӨКМдин «Сельводзащита» кызматын, Министрлер Кабинетинин алдындагы Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин, Улуттук илимдер академиясынын Токой боюнча илимий-өндүрүштүк мекемесинин, ошондой эле Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун өкүлдөрү катышты.


KG RESILAND долбоору ландшафтардын туруктуулугун жогорулатууга, табигый коркунучтарга кабылуу деңгээлин төмөндөтүүгө жана деградацияланган аймактарды мониторингдөө боюнча мамлекеттик мекемелердин потенциалын күчөтүүгө багытталган.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу