Жаңылыктар

06.12.2024 17:18

   Кароолор: 223

КЫРГЫЗСТАНДА ИРИ ТАБИГЫЙ ЖАНА ТЕХНОГЕНДИК КЫРСЫКТАРГА ТАЛДОО ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окутуу-изилдөө борборунда Чүй облусунун Кант шаарындагы кагаз чыгаруучу заводдо үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында катталган ири өрт кырсыгы боюнча талдоо-анализдөө жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын адистери, өрт өчүрүүчү өздүк курам жана аталган борбордун жетекчилиги катышып, тилсиз жоону ооздуктоого тартылган күч-каражаттарынын аракеттери, өрт өчүрүү тактикалары, аны уюштуруу жана башкаруу боюнча аткарылган иштерине анализ жүргүзүлүп, кемчиликтер жана жетишкендиктер тууралуу сөз болду.

Окутуу-анализдөө борборунун директору Ирина Ящина белгилегендей, бул иш-чаранын максаты – ири өрттү өчүрүүдө күжүрмөн эсептин курамы жана техникалардын, өрт өчүрүүчү шаймандардын жетиштүүлүгү, алардын даярдыгы, тиешелүү жабдуулар менен толук камсыздалганы жана муктаждыктары боюнча талдоо жүргүзүү. Мындан тышкары борбордо табигый кырсыктарга дагы талдоо жүргүзүү ишмердүүлүгүнө басым жасоо пландалууда.

Борбордун Өрт коопсузугу боюнча кафедрасынын башчысы, полковник Урмат Сариевдин айтымында, заводдо чыккан өрттүн көлөмү 1,5 миң чарчы метрди түзгөн. Бул ири өрт кырсыгы болуп саналат. Күжүрмөн эсеп тилсиз жоону өз убагында курчоого алганга аракет кылышкан. Бирок өрт өчүрүүчү кадрлардын жана айрым тажрыйбанын жетишсиздигинен уюштуруу жана башкаруу иштеринен кемчиликтерге жол берилген. Мунун баары анализденип кырсык катталганда алгач кандай жагдайларга көңүл буруп, өрт өчүрүүдөгү эң биринчи тактикалар жана эске алынуучу ыкчам чаралар боюнча окутуулар болду.

Эң негизги белгилеп кетүүчү баатырдык иштери – Штабдын заводдун ичинде калып калган кислороддук баллондорду тышка алып чыгуусу жана өндүрүштөн чыккан даяр товарлар сакталчу кампагага өрттү өткөрбөй аман алып калуусу болду.

Иш-чаранын аягында өрт кырсыктарынын алдын алуу, ири чыгымдарга жол бербөө, адам өмүрү жана коопсуздугун сактоодогу өздүк курамдын иштерине ийгилик каалап, аларга теория жана практика жүзүндө сабактарды өткөрүп туруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Ошондой эле катардагы өрт өчүрүүчү адистер жетекчиликтин сунуштары эске алынарын билдирип, айтылган сын пикирлерди туура кабыл алып, тажрыйбада колдонула турган кеңештерине ыраазы болушту.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу