Жаңылыктар
19.02.2024 15:47
Кароолор: 755
КЫРГЫЗСТАНДА ЭЖКУнун БОРБОР АЗИЯ БОЮНЧА АЙМАКТЫК ГУМАНИТАРДЫК КЕҢСЕСИ АЧЫЛАТ
КЫРГЫЗСТАНДА ЭЖКУнун БОРБОР АЗИЯ БОЮНЧА АЙМАКТЫК ГУМАНИТАРДЫК КЕҢСЕСИ АЧЫЛАТ
Өткөн апта соңунда Өлкө башчысы Садыр Жапаров “2023-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Борбордук Азия жана Азия үчүн региондук гуманитардык кеңсени түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2023-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Министрлер кабинети менен Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун ортосундагы Кыргызстанда Борбордук Азия жана Азия үчүн Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун региондук гуманитардык кеңсесин түзүү жөнүндө Макулдашууну күчүнө киргизүү боюнча ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.
Макулдашууга ылайык, өлкө аймагында эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Борбордук Азия жана Азия региондорундагы өлкөлөрдүн калкын жана мүлкүн коргоо маселелерин тейлеген региондук гуманитардык кеңсеси ачылат.
Анын уюштуруу документтерине жана эл аралык гуманитардык укуктун принциптерине ылайык мыйзамдарда уруксат берилген чектерде материалдык, техникалык жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча анын миссиясын аткаруу үчүн зарыл болгон ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү шарттар каралган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР