Жаңылыктар

24.11.2025 15:37

   Кароолор: 45

Кыргызстанда Европанын космостук агенттигинин тренинги өтүүдө

2025-жылдын 24–27-ноябрында Кыргыз Республикасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырып жаткан KG RESILAND долбоорунун алкагында Европанын космостук агенттиги (ESA) жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен окутуучу тренинг өтүп жатат.

Тренингдин негизги максаты — жер деградацияга кабылуу процесстерин аныктоо жана картографиялоо үчүн GMF жана GISAT ыкмалары менен тааныштыруу, ошондой эле жердин начарлашы менен сел агымдарынын кайталануу жыштыгынын өз ара байланышын изилдөө.

25–26-ноябрда тренингдин катышуучулары талаа шартында маалымат топтоо үчүн KG RESILAND долбоорунун Ош облусундагы аймактарына чыгышат. 27-ноябрда чогулган маалыматтардын негизинде GMF жана GISAT ыкмаларын колдонуу боюнча практикалык иштер өтөт.

Тренингге ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө жана божомолдоо департаментинин, ӨКМ алдындагы “Сельводзащита” кызматынын, Министрлер Кабинетинин алдындагы Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин, Улуттук илимдер академиясынын Токой боюнча илимий-өндүрүштүк мекемесинин, ошондой эле Улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун өкүлдөрү катышууда.

KG RESILAND долбоору ландшафтардын туруктуулугун жогорулатууга, табигый коркунучтарга кабылуу деңгээлин төмөндөтүүгө жана деградацияланган аймактарды мониторингдөө боюнча мамлекеттик мекемелердин потенциалын бекемдөөгө багытталган.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу