Жаңылыктар
18.10.2023 10:20
Кароолор: 1013
КЫРГЫЗСТАНДА ЭЛ АРАЛЫК ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ УЮМУНУН 56-СЕССИЯСЫ ӨТҮҮДӨ
Бүгүн Бишкекте Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун 56-сессиясы өтүүдө. Ага катышуу үчүн уюмдун Аткаруу кеңешине мүчө 24 өлкөнүн өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү кызматынын өкүлдөрү, уюмдун Башкы катчысы Нжупуо ЯП Мариату катышууда.
Жыйынга келген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров беделдүү уюмга Кыргызстан 2011-жылдан тарта мүчөлүк кылып, ал аралыкта өлкө өзүнүн жарандык коргонуу тармагындагы жогорку даярдыгын көрсөтө алгандыгын айтып, бул тармакта өлкөлөр ортосундагы тажрыйба эң маанилүү экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде сөз алган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин айтымында, табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктардан эң ириде адам өмүрүн, аймактарды, материалдык жана маданий баалуулуктарды сактоодо дүйнө мамлекеттеринин башын бириктирген уюмга жалпы 60 өлкө мүчөлүк кылат.
"Соңку мезгилдердеги климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу табигый кырсыктардын алдын алууга, кесепеттерин жоюуда техникалык мүмкүнчүлүктөрдү арттырууга жана куткаруучу, адистердин тажрыйбасын жогорулатууну максат кылган уюмдун аткаруу кеңешине Кыргызстан үчүнчү ирет төрагалык кылууда" - деди Бообек Ажикеев.
ЭЖКУнун 56-сессиясы Кыргызстанда 18-19-сентябрь күндөрү өтүп, тараптар жарандык коргонуу багытындагы бир катар маселелерди талкуулашат.
Белгилей кетсек, кечээ ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев сессияга катышууга келген Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри, генерал-лейтенант Александр Куренковду жана Азербайджан мамлекетинин Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-полковник Кямаледдин Гейдаровду тосуп алган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР