Жаңылыктар

02.04.2026 06:49

   Кароолор: 1

КЫРГЫЗСТАНДА 4,5 БАЛЛ ЖЕР ТИТИРЕДИ

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 05:28де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Кароол айылдарында 4,5 балл, Куршаб, Мырза-Аке, Красный-Маяк айылдарында 4 балл, Кара-Суу, Отуз-Адыр, Курбу-Таш, Салам-Алик айылдарында жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айылында 3,5 балл, Ош, Жалал-Абад жана Көк-Жангак шаарларында 3 баллга чейин сезилген (Өзгөн шаарынан 3 чакырым түштүк-батышта, Куршаб айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта, Ош шаарынан 45 чакырым түндүк-чыгышта).

Учурда жер жерлеринде тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу