Жаңылыктар
19.03.2025 19:24
Кароолор: 543
КЫРГЫЗСТАНДА 4,5 БАЛЛ ЖЕР ТИТИРЕДИ
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык бүгүн, 19-мартта саат 19:16да Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 41° 30´с.ш.λ = 75° 06´в.д.) күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Талаа районунун Кара-Ой, Кадыралы, Жаңы-Талап айылдарында 4 баллга, Ак-Кыя айылында 3,5 балл, Баетов айылында 3 балл жана Нарын районунун Учкун, Ак-Кудук, Восьмое марта айылдарында 3,5 баллга чейин (Кара-Ой айылынан 7 чакырым түндүк чыгышка, Кадыралы айылынан 9 чакырым түндүк батышка) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР