Жаңылыктар

31.10.2024 17:29

   Кароолор: 584

КЫРГЫЗСТАНДА 4 БАЛЛ ЖЕР ТИТИРЕДИ

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 16:02де Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга (Кара-Киндик айылынан 8 чакырым түштүк батышта, Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түндүк чыгышта, Ош шаарынан 110 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу