Жаңылыктар

27.11.2024 15:48

   Кароолор: 728

КЫРГЫЗСТАНДА 3 БАЛЛГА ЖЕТКЕН ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн, 27-ноябрда саат 14:56да Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Кара-Киндик, Сары-Таш айылдарында 2,5 баллга (Кара-Киндик айылынан 10 чакырым Түштүк чыгышта, Сары-Таш айылынан 23 чакырым түндүк чыгышта, Бор-Дөбө айылынан 105 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу