Жаңылыктар
16.03.2026 16:11
Кароолор: 19
КЫРГЫЗСТАНДА «112» СИСТЕМАСЫНЫН БАЗАСЫНДА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРГА ЫКЧАМ ЧАРА КӨРҮҮ БОЮНЧА БИРДИКТҮҮ КЫЗМАТ ТҮЗҮЛҮҮДӨ
Кыргызстанда «112» маалыматтык тутумунун базасында өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү боюнча бирдиктүү кызматты түзүү иштери улантылууда.
Тиешелүү иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасынын алкагында ишке ашырылууда.
Ошол эле учурда өлкөдө Бажы союзунун техникалык регламентинин талаптарын ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн авариялар жана кырсыктар учурунда ыкчам кызматтарга “чукул чакыруу” системасын киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Система өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматты ыкчам кызматтарга тез арада жеткирүүгө жана жооп кайтаруу убактысын кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет.
Бул иштин алкагында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов "Искара Технологиялары" компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Тараптар "112" тутумун техникалык жактан ишке ашыруу, санариптик чечимдерди интеграциялоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ыкчам кызматтардын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү боюнча бирдиктүү системаны киргизүү жарандардын кайрылууларын иштетүүнү тездетет, кызматтардын координациясын жакшыртат жана калктын коопсуздук деңгээлин жогорулатат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР