Жаңылыктар

02.09.2023 10:00

   Кароолор: 601

Кыргызстан ЖККУга мүчө- мамлекеттердин куткаруучулары катышкан “Скала – 2023” машыгуусуна катышууда

Белоруссияда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин куткаруучу бөлүктөрүнүн биргелешкен аракеттерин координациялоону жогорулатууга багытталган “Скала – 2023” атайын машыгуусу өтүүдө. Ага Кыргызстан, Белоруссия, Казакстан, Россия жана Тажикстандын куткаруучулары катышууда.

Аталган машыгууга Кыргызстандын атынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары катышууда.

Атайын машыгуу ядролук жана радиациялык коопсуздук боюнча өтүп, анын жүрүшүндө ЖККУга мүчө- мамлекеттердин куткаруучу бөлүмдөрү өзөктүк объектидеги аварияны жоюу, татаал өзгөчө кырдаалдарда биргеликте чара көрүү иш-аракеттери жүргүзүлөт.

Уюмга мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдарды жоюудагы биргелешкен аракеттерин, тажрыйбасын жогорулаткан машыгуу Белоруссиянын Борисов шаарында 1-6-сентябрга чейин өтөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу