Жаңылыктар

27.11.2023 13:42

   Кароолор: 1632

КЫРГЫЗСТАН ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАБЫРКАГАН ООГАН ЭЛИНЕ ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТӨТ

КЫРГЫЗСТАН ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАБЫРКАГАН ООГАН ЭЛИНЕ ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТӨТ

Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтөт. Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жакынкы күнү 100 тонна азык-түлүк түрүндөгү, тагырагы 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5тонна суумай жана 500 керебет, 500 жууркан (одеял), 500 төшөк (матрац) ооган элине жеткирилет

Ошондой эле Эл аралык Жарандык коргонуу уюму тарабынан бөлүнгөн 1 миллион сомго аялдар жана балдарга кышкы кийим-кече, бут кийим, оюнчук, таттуу азыктары, гигиеналык каражаттар алынды.

Эске салсак, 2023-жылдын 7-октябрында Ооганстан Республикасынын Герат шаарынын түндүк-батыш тарабында очогунда күчү 6,3 балл болгон жер титирөө катталган. Ооганстандын табигый кырсыктар министрлигинин өкүлүнүн расмий маалыматына ылайык, жер титирөөдөн 2000ден ашуун адам каза болуп, 9240 адам жаракат алып, 1300дөн ашуун турак-жай жабыркаган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу