Жаңылыктар

06.12.2024 17:01

   Кароолор: 787

КЫРГЫЗСТАН УРАН КАЛДЫКТАРЫН РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КҮЧӨТҮҮДӨ

2024-жылдын 5-декабрында Лондон шаарында Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жетекчилиги астында Борбор Азиянын экологиялык реабилитациялоо фонду донорлорунун Ассамблеясынын жыйыны өттү. Ага Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Б. Ажикеев жетектеген кыргыз делегациясы катышты.

Министр өз сөзүндө экологиялык жана радиациялык коопсуздук Кыргызстан үчүн башкы приоритеттердин бири экенин белгиледи. Эл аралык уюмдар жана каржылык институттар менен тыгыз кызматташтыктын натыйжасында Мин-Куш жана Шекафтар айылдарындагы уран мурастары коопсуз абалга келтирилди. Ошондой эле Майлуу-Суу шаарындагы уран комплекстерин рекультивациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Министр донорлорду бул демилгелерди толук ишке ашыруу үчүн кошумча каржылык жардам көрсөтүүгө чакырып, аймактын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу биргелешкен аракеттер менен гана мүмкүн экенин баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Борбор Азиянын экологиялык реабилитация фондунун жылдык каржылык отчёту, 2025-жылга карата административдик бюджет жана башка маанилүү документтер бекитилди. Европа Биримдиги жана ЕРӨБ демилгелеген бул фонд Борбор Азиядагы уран мурастарын реабилитациялоо ишинде стратегиялык ролду аткарып, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу