Жаңылыктар

20.04.2024 11:00

   Кароолор: 135

КЫРГЫЗСТАН СУУ КАПТООДОН ЖАБЫРКАГАН ОРЕНБУРГ ОБЛУСУНА ГУМЖАРДАМ ЖӨНӨТТҮ

Кыргызстан Россия Федерациясынын суу каптоодон жабыркаган Оренбург облусуна гуманитардык жардам жөнөттү.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 350 тоннадан турган гумжардамды өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жерине жеткирет.

20 жүк ташуучу (фура) унаадан турган “Жардам кербени” 2024-жылдын 20-апрель күнү жолго чыгып, Казакстан аркылуу Россиянын Оренбург облусуна жеткирүү мерчемделген.

Гумжардамдын курамы өзгөчө кырдаал катталган аймактын элине эң керектүү болгон тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалды.

Алсак тамак-аш топтомуна:

Ун, шекер, күрүч, гречка, чай, өсүмдүк майы, эт консервасы, таттуу шире (сок), таттуу азыктары, тез даярдалуучу кесме, кургак сүт, кургак кесмелер.

Турмуш-тиричилик буюмдарынын топтомуна:

Суу сордуруучу мотопомпа, керебет, матрац, жеңил жууркан (одеяло), жаздык, күрөк, лампочка, кум ташыган замбил (носилка), чатыр.

Кийим-кече топтомуна:

Чоңдор жана балдар үчүн куртка, жылуу ич кийим (термобелье), резина өтүк, курулушка ылайыкталган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу