Жаңылыктар
14.03.2024 13:27
Кароолор: 715
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДЫН ЧЕКТЕШКЕН ЖЕРИНДЕ ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-март күнү саат 10:49да Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Араван районунун Мангыт, Кочубаев жана Кызыл-Коргон айылдарында 2,5 баллга (Ош шаарынан 47 чакырым батышка) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР