Жаңылыктар
22.07.2025 20:44
Кароолор: 208
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН МОНГОЛИЯ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫН АЛДЫН АЛУУ, ЖОЮУ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШТЫГЫН БЕКЕМДЕЙТ
Бүгүн, 22-июлда КР ӨКМдин борбордук аппаратында өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Монголиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси, генерал-майор Гомбожав Ариунбуянды кабыл алды.
Бул жолугушуу Монголия президенти Ухнаагийна Хурэлсуханын Кыргызстандагы иш сапарынын алкагында уюштурулду.
Министр Бообек Ажикеев монголиялык делегация менен жылуу учурашып, иш сапары үчүн ыраазычылык билдирүү менен эки тараптуу кызматташууну узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн зарылдыгына токтолду.
Жолугушууда Кыргызстандын Өзөчө кырдаалдар министрлиги менен Монголиянын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосунда 2016-жылы Бишкек шаарында кол коюлган кризистик кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында өз ара түшүнүү тууралуу Меморандумунун мааниси белгиленди.
Ошондой эле тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча кыргыз-монгол кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүү келечеги талкууланып, токой экологиясын жана айлана-чөйрөнү коргоо маселеси тууралуу сөз болду.
Гомбожав Ариунбуян өз кезегинде кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Муну менен катар кризистик кырдаалдарда өз убагында маалымат жеткирүү жана тажрыйба алмашуунун маанисин белгилеп, кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин ырастады.
Иш-чаранын соңунда тараптар бул жолугушуу Кыргызстан менен Монголиянын мекемелери ортосундагы туруктуу өнөктөштүктү курууга бекем негиз болот деген ишеничин билдирип, өз кезегинде эки өлкөнүн калкын коргоо жана коопсуздукту чыңдоого шарт түзүлөрүн белгилешти.
Иш сапардын алкагында монголиялык делегация ӨКМдин Кризистик кырдаалдарга башкаруу борборунда болуп, өзгөчө кырдаалдарга таасир этүү системасы менен толук таанышып чыгышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР