Жаңылыктар
25.03.2026 17:00
Кароолор: 18
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫТАЙ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР ТАРМАГЫНДАГЫ ЭКИ ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин айым менен жолугушту.
Тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Айрыкча, материалдык-техникалык базаны жаңылоо, ӨКМдин ыкчам чара көрүү аракеттерин жогорулатуу, шашылыш медициналык жардам жана тоо-куткаруу операциялары боюнча тажрыйба алмашуу сыяктуу биргелешкен долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлгөн кайтарымсыз жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, анын ичинде өрт өчүрүүчү техникалар жана мобилдик госпиталдар берилгенин белгилеп, бул жардам калктын коопсуздугун камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу системасын чыңдоодо маанилүү экенин баса белгиледи.
Элчи Лю Цзянпин министрди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, мындан ары да конструктивдүү кызматташууга даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолу долбоорунун жана «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагындагы башка долбоорлордун маанисин белгиледи.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР