Жаңылыктар
19.10.2023 19:40
Кароолор: 1203
КЫРГЫЗСТАН БИРИККЕН АРАБ ЭМИРАТТАРЫ МЕНЕН БИРГЕЛЕШКЕН МАШЫГУУЛАРДЫ ӨТКӨРҮҮГӨ НИЕТТЕНҮҮДӨ
Бүгүн, 19-октябрда ЭЖКУнун Кеңешинин 56-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бириккен Араб Эмираттарынын Жарандык коргонуусунун башкы директорунун орун басары Мухаммад Алкави менен жолугушту.
Жолугушууда КР Өзгөчө кырдаалдар министри Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз тарап бир катар багыттар боюнча тажрыйба алмашууга даяр экендигин, анын ичинде эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү, биргелешкен машыгууларды даярдоону белгиледи.
Бүгүнкү күндө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында Эмират тарап менен кызматташуу ЭЖКУнун алкагында ийгиликтүү ишке ашырылып жатат, атап айтканда Кыргызстандын аймагында суучулдарды жана куткаруу кызматтарын даярдоо тренингдери өткөрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.
Ошондой эле жолугушууда эки өлкө алакаларды жана кызматташтыкты активдүү кеңейтүүгө даяр экени айтылды.
КР ӨКМ менен БАЭнин Өзгөчө кырдаалдар, кризистик кырдаалдар жана табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюуга кыргыз тарап даяр экендигин кошумчалады министр.
Өз кезегинде Мухаммед Алкави министр Бообек Ажикеевге меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин белгиледи.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз – БАЭ кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Соңунда Бириккен Араб Эмираттарынын Жарандык коргонуусунун башкы директорунун орун басары Мухаммад Алкави кыргыз тарапты өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо жана биргелешкен иштердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо үчүн ыңгайлуу убакта БАЭге келип кетүүгө чакырды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР