Жаңылыктар
25.04.2024 16:04
Кароолор: 421
КЫРГЫЗСТАН АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРӨӨ 3 БАЛЛГА ЧЕЙИН СЕЗИЛДИ
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:24тө Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында (Бедел айылынан 32 чакырым түштүкө, Кумтөр руднигинен 85 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынын 140 чакырым туштүкө) 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР