Жаңылыктар

04.10.2025 09:17

   Кароолор: 85

КЫРГЫЗСТАН АФГАНИСТАНДЫН ЖАБЫРКАГАН КАЛКЫНА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ ЖӨНӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргыз мамлекети Афганистандын табигый кырсыктардан жабыркаган калкына кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү.

Жакында Нью-Йорк шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып, Афган элине ар тараптуу жардам көрсөтүү зарылдыгын жана бул өлкөнү эл аралык изоляцияга калтырбоо маанилүү экендигин баса белгилеген. Кыргызстан бул саясатты иш жүзүндө ишке ашырып, 2022-жылдан тартып системалуу түрдө гуманитардык колдоо көрсөтүп келет.

2025-жылдын 25-сентябрында Ош шаарынын борбордук аянтынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гуманитардык жардам кербени Афганистанга сапарга чыкты. Иш-чарада Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеев өз сөзүндө гуманитардык жүктүн маанисин баса белгилеп, жолго чыккан куткаруучуларга өлкөнүн ишеничин аркалап, аманатты эсен-аман жеткирүүгө дем берип, сапарга узатты.

Кыргызстандан жөнөтүлгөн гуманитардык жүктүн курамына 130 тонна азык-түлүк, 2 миллион сомдук балдардын жылуу кийим-кечелери жана зарыл болгон күнүмдүк товарлар кирди.

Үч күндүк сапардан кийин, 27-сентябрда кербен Өзбекстандын аймагы аркылуу коопсуздук кызматтарынын коштоосунда Термездеги Хайратон өткөрмө постуна жетти. Ал жерде делегацияны Кыргызстандын Афганстандагы өкүлү жана жергиликтүү коопсуздук органдары тосуп алып, Мазари-Шариф шаарына чейин коштоп барышты.

28-сентябрда Мазари-Шариф шаарында гуманитардык жардамды тапшыруу аземи өткөрүлдү. Иш-чарада Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары генерал-майор Урматбек Шамырканов сөз сүйлөп, бул жардам Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Афганстандын Кунар провинциясындагы Нургал районунда 31-августта болгон жер титирөөдөн жабыркаган калкка багытталганын белгиледи.

Аземге Балх провинциясынын жетекчилери, анын ичинде губернатордун орун басары Абуу Идирис катышып, Кыргыз элине жана Президент Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдирди.

Жалпы көлөмү 130 тонна гуманитардык жүк атайын кампаларга түшүрүлүп, жакынкы күндөрү кырсык болгон аймакка жеткирилээри маалым болду.

Кыргызстандан барган делегацияны Балх провинциясынын губернатору Мухаммат Юсуф Вафо өз резиденциясында кабыл алып, боордош Кыргыз элине жана мамлекет башчысына ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, эки өлкө ортосундагы алакаларды бекемдөө максатында Кыргызстандын консулдугун Мазари-Шарифте ачуу, айыл чарба жана соода-сатык тармагында кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Эскерте кетсек, мурдагы жылдары да Кыргызстан тарабынан Афганистан элине бир нече ирет гуманитардык жардам көрсөтүлүп, акыркы төрт жыл ичинде жалпысынан 360 тоннадан ашуун жүк жеткирилген.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу