Жаңылыктар
29.05.2026 12:20
Кароолор: 15
КЫРГЫЗГИДРОМЕТЕОРОЛОГИЯ КЫЗМАТЫНЫН 1 КЫЛЫМДЫК АРХИВИНЕ ЭКИНЧИ ӨМҮР БЕРИЛҮҮДӨ
Кыргызгидрометеорология кызматында өлкөнүн аба ырайы, суу ресурстары жана жаратылыш кубулуштарына байланышкан 1 кылымдык архив сакталат. Архивде жалпы 15 миң 647 архивдик бирдик бар.
Бул маалыматтар мамлекеттик жана жеке мекемелер үчүн маанилүү маалымат булагы болуп саналат. Айрыкча ГЭС, жол жана ири курулуш объектилерин долбоорлоодо жана курууда архивдик маалыматтар кеңири колдонулат. Так жана ишенимдүү маалымат коопсуз курулуштун негизин түзөт.
Учурда эскирип бара жаткан документтерди сактап калуу максатында аларды санарип форматка өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кызматкерлер архивдик материалдарды сканерлеп, электрондук базага киргизип жатышат.
Мындай иштер архивдик документтерди узак мөөнөткө сактоого, маалыматтарды тез табууга жана келечек муундар үчүн баалуу маалыматтарды жоготпоого шарт түзөт.
Кыргызгидрометеорология кызматы өткөндү сактоо менен бирге, келечектеги коопсуздукка салым кошууну улантууда.