Жаңылыктар

25.06.2026 15:55

   Кароолор: 13

КЫРГЫЗГИДРОМЕТ ЫСЫК-КӨЛДҮН СУУСУНУН САПАТЫНА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2026-жылдын 26-майындагы №460 буйругу менен бекитилген «2030-жылга чейинки мезгилге Ысык-Көл экологиялык-экономикалык системасынын туруктуу өнүгүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын» алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматы (Кыргызгидромет) өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде Ысык-Көл көлүнүн суусунун сапатына фондук мониторинг жүргүзөт.

2026-жылы Кыргызгидромет тарабынан Ысык-Көл көлүнүн бүткүл акваториясын камтыган суунун сапатына комплекстүү терең гидрохимиялык мониторинг жүргүзүлдү. Экспедициялык иштер 2026-жылдын 8-июнунан 13-июнуна чейин туристтик сезондун активдүү мезгили башталганга чейин уюштурулуп, көлдүн суусунун сапаты боюнча маалыматтарды алууга жана өзгөрүү динамикасын баалоого мүмкүндүк берет.

Суу үлгүлөрүн алуу Суучулдар кызматы менен биргеликте жүргүзүлдү. Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө көлдүн борбордук бөлүгүндө иштерди жүргүзүү үчүн «Мөлтүр» илимий-изилдөө кемеси жана анын экипажы, ошондой эле жээкке жакын бөлүктөрдө иштерди жүргүзүү үчүн моторлуу кайыктар пайдаланылды.

Мониторинг көлдүн бүткүл акваториясын камтып, 17 көзөмөл пунктунда жүргүзүлдү. Изилдөөлөр суунун үстүңкү катмарынан (0,5 м) түпкү горизонтторго чейин вертикалдык профиль боюнча жүргүзүлүп, суу катмарынын гидрохимиялык абалына комплекстүү баа берүүгө мүмкүндүк түздү.

Экспедициянын жүрүшүндө 35 суу үлгүсү алынды. Туруксуз компоненттер боюнча анализдердин бир бөлүгү түздөн-түз талаа шартында — кеме бортуна жана көчмө гидрохимиялык лабораторияда жүргүзүлдү. Калган үлгүлөр Кыргызгидрометтин Бишкек шаарындагы лабораториясына жеткирилип, учурда суунун сапатыны боюнча изилдөөлөр улантылууда.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу