Жаңылыктар

22.04.2024 16:03

   Кароолор: 292

КЫРГЫЗДЫН "АК КЕРБЕНИ" КАЗАКТЫН КЕҢ ТАЛААСЫНДА

Орусиянын Оренбург облусуна сапар алган Кыргызстандын "Жардам кербени" 22-апрель карата коңшу Казакстандын Актөбе облусунда багытын улап бара жатат.

Суу апаатынан жабыркаган Оренбург облусунун элине тамак-аш, кийим-кече жана турмуш-тиричилик буюмдарынын топтомунан турган 350 тонна гуманитардык жардам 20 унаага жүктөлгөн.

Узак жолдо Кыргызстандын "Ак кербенин" Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана казак полициясы коштоп жүрүүдө.

Сапардын жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу