Жаңылыктар

31.10.2023 17:47

   Кароолор: 554741

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ ЭСКЕРТЕТ!

Өлкөдө 31-октябрдан 2-ноябрга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу аймактарда кар жаайт

Күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Мындан улам министрлик жарандарга жана айдоочуларга төмөндөгү эрежелерди эске алууну сунуштайт:

- унааңызды кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырыңыз;

- алыскы жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алыңыз;

- Ал эми унаалардын ортосундагы 500метр аралыкты сактаңыз.

Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине сиз күнү-түнү акысыз байланыша аласыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР