Жаңылыктар
06.06.2026 03:11
Кароолор: 185
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ СЕЛ ЖҮРГӨН ЖЕРДЕ БОЛДУ
Кырдаалга көзөмөл жүргүзүү жана иштерди координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев сел жүрүп, жол жабылган Балыкчы — Ананьево — Каракол автожолунун 92-чакырымындагы аймакка барды.
Министр калыбына келтирүү жана тазалоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана бардык тиешелүү иш-чараларды ыкчам бүтүрүү боюнча жооптуу кызматтарга тиешелүү тапшырмаларды берди.
Кырдаал министрдин жеке көзөмөлүндө. Учурда жеринде зарыл болгон иштер улантылууда.